
Бирок, илимий ачылыштар эволюция теориясынын бул көз-карашын толугу менен четке кагууда. Палеонтология, генетика, биохимия сыяктуу көптөгөн илим тармактары организмдердин көп түрдүүлүгү мындай турсун, бир эле түрдүн келип чыгышын дагы эволюция менен түшүндүрүүгө болбой тургандыгын толук далилдөөдө.
Дарвинизмдин түрлөрдүн келип
чыгышы жөнүндөгү көз-карашынын жараксыздыгы каралган бул бөлүмдө алгач
биологиялык классификацияга кыскача токтололу.
Организмдердин классификациясы
Жашооңузда ушул кезге чейин
көргөн же уккан жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана микроорганизмдердин аттарын
жазганга аракет кылып көрүңүз. Жазган тизмеңиз канчалык узун болбосун, жер
жүзүндөгү организм түрлөрүнүн кичинекей бир бөлүгүн гана түзөт. Эми ар кайсы
өлкөдөн ар кандай адамдар ушундай тизмелерди жазды деп элестетиңиз. Аларды
бириктирип ири көлөмдөгү бир тизмени алууга болот. Бирок эми андан да чоң бир
көйгөй келип чыгат. Бир эле жандыктын ар кандай аталышы же башка башка
жандыктардын бирдей аталышы сыяктуу себептерден улам тизме башаламан болуп
калат.
Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн
биологдор ар бир өсүмдүккө жана ар бир жаныбарга илимий бир ат ыйгарышат.
Бардык организмдерге эки мүчөлүү ат ыйгаруу системасына (биномиалдык система)
карап ат коюшат. Эки сөздөн турган бул ысымдар көбүнчө латын тилинде болот.
(Бул латын тили эл аралык илимий тил катары колдонулган доордон калган бир
тажрыйба.) Мисалы, биз күн сайын көргөн иттер Canis familiaris, мышыктар
болсо Felis catus деп аталышат.
Илимий ат коюу жалпы
ысымдары көбүнчө адаштырылган түрлөрдү айырмалоого шарт түзөт. Мисалы, Европада
«робин» деп аталган канаттуу Америкада ушул эле ат менен аталган канаттуудан
башка. Бул канаттууларга өз-өзүнчө илимий ат коюу аркылуу башаламандыкка бөгөт
коюлат. Европадагы «робин» канаттуусунун аты Erithacus rubecula,
Америкадагы «робиндин» аты болсо Turdus migratorius.162
Илимпоздор ат коюудан
тышкары, организмдерге белгилүү илимий принциптерге карап аныктама берип,
класстарга бөлүшөт. Организмдерге ат коюу, аныктама берүү жана классификациялоо
илими «таксономия» же «систематика» деп аталат. Мисалы, жаныбарлар дене
түзүлүшү жана системалары, ички органдары, өрчүү этаптары, кыймыл-аракет
формалары, генетикалык маалыматтары сыяктуу көптөгөн өзгөчөлүктөрүнүн негизинде
класстарга бөлүштүрүлөт. Тукум курут болгон түрлөр жөнүндөгү маалыматтар болсо
фоссилдерден (ташка айланган калдыктардан) алынат. Бул классификациянын ичинде
иерархиялык категориялар, башкача айтканда, жети негизги топ бар. Ал топтор
жогорудан төмөндү (же чоңдон кичинени) көздөй мындай:
Дүйнө (Kingdom)
Тип (Phylum, көптүк санда Phyla)
Класс (Class)
Түркүм (Order)
Тукум (Family)
Уруу (Genus, көптүк санда Genera)
Түр (Species)
![]() |
Жаныбарлар ааламында бир миллиондон ашуун аныктама берилген түр бар. Бул жагынан эң чоң аалам болуп саналат. |
Тип (Phylum, көптүк санда Phyla)
Класс (Class)
Түркүм (Order)
Тукум (Family)
Уруу (Genus, көптүк санда Genera)
Түр (Species)

Бүт организмдердин ушул жети топтун ичинде өзүнүн орду бар. (Бул иерархиялык системада ара категориялар да бар.) Мисалы, ак кызыл карагай деп аталган дарак өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жана Tracheophyta тибинин бир мүчөсү; классы Pteropsida, түркүмү Coniferales, тукуму Pinaceae, уруусу Pinus, түрү Pinus strobus. Ит сымалдуулар тукумуна кирген жыркыч жаныбар болуп саналган карышкырдын илимий аты болсо Canis lupus; Chordata тибине, сүт эмүүчүлөр классына, Carnivora түркүмүнө, Canidae тукумуна жана Canis уруусуна кирет.163
Классификациянын эң чоң
бирдиги – дүйнө. 20-кылымга чейин көпчүлүк биологдор организмдер дүйнөсүн
өсүмдүктөр жана жаныбарлар деп экиге бөлүп келишкен. Өткөн кылымда өзгөчө
микробиология жана биохимия тармактарындагы ачылыштар мунун жетишсиздигин көрсөттү.
Бүгүнкү күндө организмдер беш дүйнөгө бөлүнөт деп кабыл алынууда. Жаныбарлар
менен өсүмдүктөрдөн тышкары, козу карындар, протисталар жана монералар да
өзүнчө бир аалам катары кабыл алынууда.
Аныктама берилген бир
миллиондон ашуун түрдү камтыган жаныбарлар дүйнөсү – эң чоң дүйнө. Көп
клеткалуу, азыктарын сиңирүүчү, көпчүлүгү кыймылдуу, комплекстүү орган жана
системалары бар организмдерден турат. Өсүмдүктөр дүйнөсүндө болсо 260000ден
ашуун түр бар. Өсүмдүктөр фотосинтез деп аталган абдан комплекстүү бир процесс
аркылуу өздөрүнө да, башка организмдерге да азык иштеп чыгышат. Өсүмдүктөр
сыяктуу фотосинтез жасай ала турган механизмдери, жаныбарлар сыяктуу тамак
сиңирүү системалары болбогон козу карындар – болжол менен жүз миң мүчөдөн
турган, өзүнчө бир дүйнө. Протисталар
дүйнөсү балырлар, диатомейлер сыяктуу, клеткасында ядросу бар, негизинен бир
клеткалуу организмдерден турат. Бул микроскопиялык организмдер дүйнөсүндө жүз
миңден ашуун түрдүн бар экендиги белгилүү. Монералар
болсо бактериялар сыяктуу клеткасында ядросу жок, бир клеткалууларды камтыйт.
Бул дүйнөнүн ичинде аныктама берилген он миңден ашуун түр бар.
Биологиялык классификацияда
дүйнөлөрдөн соң типтер жайгашкан. Биологдор ар кандай сандарды айтканы менен, көбүнчө
32 жаныбар тиби жана 10 өсүмдүк тиби бар деп кабыл алынат. Жаныбарлар дүйнөсүн
карасак, бир типке кирген бүт жаныбарлардын дене түзүлүшү жалпысынан окшош
болот, бирок типтер бири-биринен абдан айырмаланат. Мисалы, губкалар тиби балыктар, сүт эмүүчүлөр,
канаттуулар, сойлоочулар сыяктуу омурткалууларды камтыган хордолуулар тибинен
толугу менен айырмаланат. Биз билген чымын-чиркей, курт-кумурскалар,
моллюскалар сыяктуу организмдерди камтыган муунак буттуулар (Arthropoda)
тиби жаныбарлар дүйнөсүнүн эң чоң тиби болуп саналат.
Белгилүү бир класска
тиешелүү организмдер бир типтин мүчөлөрүнө караганда көбүрөөк окшош
өзгөчөлүктөргө ээ болот. Мисалы, канаттуулар, сойлоочулар жана сүт эмүүчүлөр хордалуулар тибинин, бирок башка башка
класстардын мүчөлөрү. Канаттары жана башка эч бир жаныбар тобунда кездешпеген
бир түзүлүштөгү түктөрү бар канаттуулар Aves классына; жумурткалап
көбөйгөн, муздак кандуу жана денелери кабырчыктар менен капталган сойлоочулар Reptilia
классына; бала тууп, эмизген, жылуу кандуу жана терилери жүндүү сүт эмүүчүлөр Mammalia
классына киришет.
Биологиялык классификацияда
класстан кийинки иерархия – бул, түркүм. Биз жакшы билген класстардын бири
болгон сүт эмүүчүлөрдүн 23 түркүмү бар. Момолой жана кирпи сыяктуу
курт-кумурскаларды жеген сүт эмүүчүлөр Insectivora түркүмүнө; чычкан
жана тыйын чычкан сыяктуу кемирүүчүлөр Rodentia түркүмүнө; ит жана
карышкыр сыяктуу эт жеген жырткычтар Carnivora түркүмүнө кирет.
Түркүмдүн астындагы баскыч
болсо тукум. Мисалы, сүт эмүүчүлөр 100дөн ашуун тукумдан (семейство) турат.
Мышыктар менен иттер Carnivora түркүмүнөн болгону менен, мышыктар Felidae,
иттер болсо Canidae тукумунан.
Уруу бири-бирине абдан
окшошкон, бирок көбүнчө бири-бири менен жупталбаган организм топторун камтыйт.
Мисалы, Canidae тукумуна кирген ит менен
түлкү эки башка уруу. Иттин уруусу Canis, түлкүнүн уруусу болсо Vulpes.
Түр – биологиялык
классификациянын негизги бирдиги; өз ара жупталган, түзүлүшү жана функциялары
бирдей болгон, окшош индивиддерден турган жандыктардын жыйындысы десек болот.
Бир урууга кирген түрлөрдүн ар биринин өзүнчө илимий аты бар. Мисалы, кызыл
түлкү Vulpes vulpes, чөл түлкүсү Vulpes zerda, узун кулактуу
түлкү Vulpes macrotis деп аталат. Бир түрдүн ичинде ар кандай топтор бар
болсо, анда ал топтордун ар бири өзүнчө бир түрчө (подвид) болуп эсептелет.
Аягында дагы бир жагдайды
айта кетүү керек: организмдер «таксономист» деп аталган биологдор тарабынан
аныктама берилип, классификацияланат. Таксономисттер табиятта бир гана
өздөрүнүн арасында жупталып, толук кандуу урпактарды пайда кылган, түзүлүшү
жана функциялары жагынан бири-бирине окшош индивиддерден турган популяцияларды
түрлөргө бөлүшөт. Кайсы түрлөрдү белгилүү бир уруунун астына, кайсы урууларды
белгилүү бир тукумдун астына ж.б. киргизүү керек экендигин аныкташат.
Таксономисттердин классификациялары түпкүрүндө окшош болгону менен,
бири-биринен бир топ айырмаланат. Мисалы, беш түрдү ар кайсы биологдор бир,
эки, ал тургай, үч урууга да киргизиши мүмкүн. Ушул себептен, организмдерди
классификациялоодо биологдордун ортосунда ар кандай көз-караштар жана пикир
келишпестиктер бар.164
Таксономиянын негиздөөчүлөрү
Жогоруда кыскача каралган
классификациялоо иш-аракетинин илимий изилдөөлөр жагынан мааниси чоң. Кээ бир
адамдар болсо классификациялоону эволюция теориясынын бир бөлүгү деп ойлошот.
Буга эволюционисттик пропаганда себеп болууда. Бүгүнкү күндө таксономисттердин
көпчүлүгү эволюционист биологдордон турат. Натыйжада таксономия менен эволюция
көбүнчө бирге каралат. Бирок бул чоң жаңылыштык.
Биринчиден айта кетчү нерсе:
классификациялоо илиминин пайдубалы Дарвиндин эволюция теориясынан мурда коюлган.
Ошондой эле, таксономиянын негиздөөчүлөрү Аллахка жана жаратылууга ишенген
илимпоздор болгон.
Организмдердин бүгүнкү
маанидеги классификациясы англиялык табият таануучу жана теолог Джон Рэй
(1627-1705) тарабынан башталган.165 Рэй
өсүмдүктөрдү, канаттууларды, сүт эмүүчүлөрдү, балыктарды жана чымын-чиркей,
курт-кумурскаларды белгилүү системалык негиздерге таянып, топторго бөлүштүргөн
жана өсүмдүктөрдү бир эле өзгөчөлүгүнө эмес, бардык түзүлүшүнө карап класстарга
бөлгөн. Бул тармакта бир канча китеп жазып «таксономия» илимине пайдубал
түзгөн. Ошондой эле, китептеринде табияттагы кереметтүү тартип жөнүндөгү өзүнүн
байкоолорун баяндаган.166 Илимге кошкон чоң
салымдары менен эскерилген Джон Рэй организмдердеги система жана өзгөчөлүктөрдүн
улуу бир жаратылуу керемети экенин көп жолу баса белгилеп, өз пикирин мындай
деп билдирген:
«Эркин бир адам үчүн табияттын кооз
чыгармаларын ойлонуудан жана Аллахтын чексиз акылы менен берешендигине
суктануудан да баалуураак жана жагымдуураак нерсе жок.»167
Заманбап биологиялык
классификация системасынын негиздөөчүсү катары кабыл алынган илимпоз болсо –
бул, швециялык табият таануучу Карл Линней (1707-1778).168 Линней эки мүчөлүү ат коюу системасын алгачкы
жолу колдонгон жана иерархиялык категорияларга карап классификациялоо ыкмасын
иштеп чыккан. Көптөгөн түрлөрдүн илимий ысымдары ага таандык (алардын арасында
адамдын илимий аты болгон хомо сапиенс
да бар169).
Systema Naturae аттуу китептин онунчу чыгарылышы басып чыгарылган
1753-жыл таксономия илиминин башталышы катары кабыл алынат.170
Линней өзү чогулткан жана
окуучулары дүйнөнүн төрт тарабынан алып келген өсүмдүк жана жаныбар өрнөктөрүнө
ат коюп, класстарга бөлүштүргөн. Бул классификацияда алардын түзүлүшүндөгү
окшоштуктарга жана айырмачылыктарга көңүл бурган. Анын иштеп чыккан системасы чоң
өзгөрүүгө дуушар болбостон бүгүнкү күндө колдонулууда. Организмдерге аныктама
берүү жана класстарга бөлүштүрүү системасы ушунчалык ийгиликтүү болгондуктан, ал
илим тарыхынын эң белгилүү ысымдарынын бирине айланган.
Линней жандыктарды Аллахтын
жараткандыгына жана түрлөрдүн өзгөрүлбөстүгүнө ишенген. Изилдөөлөрүн төмөнкүчө
жыйынтыктаган: «Чексиз Зат тарабынан
башында жаратылган санда түр бар.»171 Бул улуу илимпоздун ою боюнча, классификация
Кудайдын тартибин көз алдыга тартуулайт.172 Организмдердин өтө татаал иерархиясын, Дарвин
айткандай эволюциянын эмес, Аллахтын кемчиликсиз гармонияда жараткандыгынын бир
көрсөткүчү катары эсептеген. Карл Линней жаныбарлар жана өсүмдүктөр
дүйнөсүндөгү кереметтүү долбоордун бир гана Аллах тарабынан жаратылышы мүмкүн
экендигин китептеринде көп жолу баса белгилеген.
Классификация – жаратылуунун далили
Организмдердин иерархиялык
топторго бөлүнүшүн эволюционисттер такыр башка мааниде түшүнүшөт.
Эволюционисттер биологиялык классификацияны эволюциянын бир далили дешет.
Мисалы, түрк биолог Али Демирсой мындай дейт:
«Жашап жаткан организмдердин өзгөчөлүгү – бул, белгилүү бир иерархиялык катарга тизилип, түр, уруу, тукум, түркүм, класс жана типти пайда кылышы. Иерархиялык тизмек эволюциянын эң белгилүү далилдеринин бири. Эгер өсүмдүктөр менен жаныбарлар бири-бирине тууган болбогондо, мындай иерархиялык тизмек пайда болмок эмес жана бири-бирине окшобогон, көптөгөн топтор келип чыкмак.»173
«Жашап жаткан организмдердин өзгөчөлүгү – бул, белгилүү бир иерархиялык катарга тизилип, түр, уруу, тукум, түркүм, класс жана типти пайда кылышы. Иерархиялык тизмек эволюциянын эң белгилүү далилдеринин бири. Эгер өсүмдүктөр менен жаныбарлар бири-бирине тууган болбогондо, мындай иерархиялык тизмек пайда болмок эмес жана бири-бирине окшобогон, көптөгөн топтор келип чыкмак.»173
Бул жерде төмөнкү жагдайга
көңүл буруу керек: Дарвин жана анын жолдоочулары Рэй, Линней сыяктуу
илимпоздордун эмгектерин бурмалап колдонгонго аракет кылышып, организмдердин
арасындагы окшош түзүлүштөрдү жана ошол окшоштуктарга таянган классификацияны
организмдердин орток бир атадан келип чыккандыгынын бир далилиндей көрсөтүшкөн.
Чындыгында болсо, дарвинизм
илим дүйнөсүнө өкүмчүлүк кылганга чейин эле организмдердеги окшош түзүлүштөрдүн
илимий жообу берилген. Организмдердеги окшош органдарга биринчи жолу көңүл
бурган Джон Рэй, Карл Линней сыяктуу табият таануучулар бул органдарды
«бирдиктүү жаратылуунун» мисалы катары көрүшкөн. Башкача айтканда, организмдердеги
окшош органдар алардын бир атадан кокусунан эволюциялашкандыгын эмес, ал
органдардын белгилүү бир кызматты аткарышы үчүн атайын жаратылгандыгын
көрсөтөт.
Заманбап илимий ачылыштар да
муну тастыктады.174
![]() |
Майкл Дентон |
Чындыгында, эволюционисттер
бул классификациядан үмүттөнүп чоң ката кетиришүүдө. Унаалар, эмеректер,
сүрөттөр же китептер сыяктуу долбоорлонуп жасалган продукцияларды да
иерархиялык класстарга бөлүштүрүүгө болот. Жана бул классификация алардын
өзүнөн-өзү, кокусунан пайда болгонун көрсөтпөйт; тескерисинче, аң-сезимдүү
адамдар тарабынан белгилүү бир пландын негизинде долбоорлонуп, иштелип
чыккандыгын көрсөтөт. Жер жүзүндөгү организмдерди да классификациялоого болот.
Анткени алар, эволюция теориясы айткандай аң-сезимсиз кокустуктардын
натыйжасында пайда болбостон, чексиз илимдин жана чексиз акылдын ээси Улуу
Аллах тарабынан жаратылган.
Биологиялык классификация
жөнүндөгү жалпы маалыматтарга токтолгон соң, эми заманбап илимий ачылыштардын
негизинде дарвинизмдин негизги көйгөйү болгон «түрлөрдүн келип чыгышын»
карайлы.
Вариация түшүнүгү
![]() |
Мөмө-жемиштердин ар биринин өзүнүн ичинде көптөгөн вариациялары бар. |
Дарвин 1859-жылы «Түрлөрдүн келип чыгышы» аттуу китебин
жарыялаганда, сансыз организм түрлөрүн түшүндүрө ала турган бир теорияны иштеп
чыктым деп ойлогон. Ал бир түрдүн ичинде табигый өзгөчөлөнүүлөрдүн
(вариациялардын) болоорун байкаган. Мисалы, Англиядагы мал базарларды кыдырып
жүрүп, уйлардын ар кандай түрлөрү болоорун, уй баккандардын аларды тандап
аргындаштыруу аркылуу жаңы түрлөрдү алаарын көргөн. Ошого таянып, «жандыктар табигый түрдө өз ара жуптала
(кошула) алышат, демек узун убакыт аралыгында бүт жандыктар бир орток атадан
келип чыккан болушу мүмкүн» дегендей жыйынтыкка келген.
Бирок Дарвиндин «түрлөрдүн
келип чыгышы» жөнүндөгү бул көз-карашы чындыгында түрлөрдүн тамырын эч
түшүндүрө алган эмес. Генетика илиминин өнүгүшү менен бирге, бир организм
түрүнүн ичиндеги өзгөчөлөнүүнүн эч качан жаңы бир түрдү пайда кылбай тургандыгы
аныкталды. Дарвин «эволюция» деп ойлогон кубулуш чындыгында «вариация» эле.
Вариация генетикада
колдонулган бир термин жана «өзгөчөлөнүү» дегенди билдирет. Бул генетикалык
кубулуш бир организм түрүнүн ичиндеги индивиддердин же топтордун бири-биринен
бөтөнчө өзгөчөлүктөргө ээ болушуна себеп болот. Мисалы, жер жүзүндөгү бүт
адамдардын генетикалык маалыматтары негизинен бирдей; бирок ал генетикалык
маалымат жол берген вариация потенциалы себептүү кээ бирлеринин көзү кичинекей,
кээ бирлердин чачы кызыл, кээ бирлеринин мурду узун, кээ бирлеринин бою кыска. «Life
Sciences» энциклопедиясында айтылгандай, «табигый популяциялардын көпчүлүгүндө вариация абдан жогору.
Бактериялар сыяктуу, мейоз бөлүнүү аркылуу көбөйбөгөн түрлөрдө да генетикалык
вариация бар.»176 Мисалы, биз жакшы тааныган иттердин абдан
көп вариациялары бар: бульдог, италия тайганы, немец овчаркасы, хаски, түрк
кангалы, далматин, доберман, чау-чау, ши-тцу жана дагы көптөгөн расалар ит
түрүнүн ичиндеги вариациялар. Биз күн сайын жеген жашылчалардын жана
мөмө-жемиштердин да даамы, азыктык баалуулугу, чыдамкайлыгы сыяктуу
өзгөчөлүктөрү ар түрдүү болгон вариациялары бар.
Вариация эволюциянын далили
эмес, анткени вариация буга чейин бар болгон генетикалык маалыматтын ар кандай
жупталуусунан келип чыгат жана генетикалык маалыматка жаңы бир касиет кошпойт.
Эволюция теориясынын алдындагы эң чоң маселе болсо – бул, «жапжаңы бир түрдү
сүрөттөй турган жапжаңы бир маалымат кантип пайда болот» деген суроо.
Вариация ар дайым генетикалык
маалыматтын чегинде болот. Генетика илиминде бул чек «генофонд» деп аталат. Бир
организм түрүнүн генофондундагы бүт өзгөчөлүктөрү вариация аркылуу ар кандай
формада келип чыгат. Мисалы, бир сойлоочу түрүнүн ичинде, вариация аркылуу,
башкаларга караганда бир аз узунураак куйруктуу же бир аз кыскараак буттуу
уруулар келип чыгышы мүмкүн; анткени кыска буттун маалыматы да, узун буттун
маалыматы да сойлоочулардын генофондунда бар. Бирок, вариация сойлоочуларга
канат чыгарып, тал жүндөрдү өстүрүп, зат алмашуусун өзгөртүп, аларды канаттууга
айландыра албайт. Себеби мындай өзгөрүү болушу үчүн организмдин генетикалык
маалыматы көбөйүшү керек, бирок вариацияларда андай болбойт.
Дарвин теориясын чыгарганда бул чындыкты билген эмес. Вариациялардын чеги жок деп ойлогон. 1844-жылы жазган бир сөзүндө «көптөр табияттагы вариациянын бир чеги бар деп кабыл алышат, бирок мен бул көз-карашка таяныч боло турган бир дагы конкреттүү себеп көрө алган жокмун» деп айткан.177 «Түрлөрдүн келип чыгышы» аттуу китебинде бир канча вариация мисалдарын теориясынын эң чоң далилиндей көрсөткөн. Мисалы, Дарвиндин айтуусу боюнча, көбүрөөк сүт берген уйларды алуу үчүн уйлардын ар кандай вариацияларын аргындаштырган малчылар аягында уйларды башка бир жандык түрүнө айландырышмак. Дарвиндин бул «чексиз өзгөрүү» көз-карашын эң мыкты сүрөттөгөн сүйлөмү болсо «Түрлөрдүн келип чыгышы» аттуу китебинде төмөнкүчө айтылган:
Дарвин теориясын чыгарганда бул чындыкты билген эмес. Вариациялардын чеги жок деп ойлогон. 1844-жылы жазган бир сөзүндө «көптөр табияттагы вариациянын бир чеги бар деп кабыл алышат, бирок мен бул көз-карашка таяныч боло турган бир дагы конкреттүү себеп көрө алган жокмун» деп айткан.177 «Түрлөрдүн келип чыгышы» аттуу китебинде бир канча вариация мисалдарын теориясынын эң чоң далилиндей көрсөткөн. Мисалы, Дарвиндин айтуусу боюнча, көбүрөөк сүт берген уйларды алуу үчүн уйлардын ар кандай вариацияларын аргындаштырган малчылар аягында уйларды башка бир жандык түрүнө айландырышмак. Дарвиндин бул «чексиз өзгөрүү» көз-карашын эң мыкты сүрөттөгөн сүйлөмү болсо «Түрлөрдүн келип чыгышы» аттуу китебинде төмөнкүчө айтылган:
«Бир аюу түрүнүн табигый тандалуу
аркылуу бара бара сууда көбүрөөк жашаганга ыңгайлуу өзгөчөлүктөргө ээ болушуна,
барган сайын чоңураак ооздуу болушуна жана аягында бул жандыктын чоң бир китке
айланышына эч кандай тоскоолдук жок деп ойлойм.»178
Дарвиндин мынчалык
амбициялуу мисалдарды келтиришине ал жашаган кылымдын примитивдүү илим түшүнүгү
себеп болгон. 20-кылымдын илими болсо организмдерге жасалган эксперименттердин
натыйжасында «генетикалык өзгөрбөстүк» (генетикалык гомеостаз179) аттуу бир
принципти аныктады. Бул принцип бир организм түрүн өзгөртүү үчүн жасалган бүт
аргындаштыруу аракеттеринен эч майнап чыкпагандыгын жана организм түрлөрүнүн
арасында ашып өткүс дубалдардын бар экендигин көрсөткөн. Башкача айтканда,
уйлардын ар кандай вариацияларын аргындаштырган малчылар аягында уйларды Дарвин
айткандай башка бир түргө эч качан айландыра алышмак эмес.
«Darwin Retried» аттуу китептин автору Норман Макбет бул жөнүндө мындай
дейт:
«Маселе организмдердин чындап эле чексиз
вариация көрсөтүп көрсөтпөшүндө... Түрлөр дайыма туруктуу. Селекционерлер алган
ар кандай өсүмдүк жана жаныбар урууларынын белгилүү бир чектен өтпөй тургандыгын,
ал тургай, ар дайым баштапкы формаларына кайра кайтаарын билебиз...»180
![]() |
Аргындаштыруу аркылуу кээ бир натыйжалар
алынууда. Бирок жаңы генетикалык маалымат пайда
болгон жок. Буудай буудай бойдон калууда
|
Асылдандыруу (селекция)
багытында дүйнөнүн эң белгилүү адистеринин бири катары кабыл алынган Лютер
Бербанк бул чындыкты «бир жандыктын
ыктымалдуу өзгөрүүсүнүн белгилүү бир чеги бар жана бул мыйзам бүт организмдерди
белгилүү кээ бир чектердин ичинде туруктуу сактайт» деп сүрөттөгөн.181
Биолог Эдвард Дивей болсо
вариациянын ар дайым белгилүү генетикалык чектердин ичинде болоорун төмөнкүчө
түшүндүрөт:
«Кайчылаш жупташтыруу ыкмасынан өтө
маанилүү жыйынтыктар чыгарылды... Бирок аягында буудай дагы эле буудай бойдон
жана, мисалы, жүзүм эмес. Чочколордун үстүндө канат пайда кылышыбыз,
канаттуулардын цилиндр формасында жумурткалашы сыяктуу эле, эч мүмкүн эмес.
Жаңыраак бир мисал, акыркы кылымда дүйнөдөгү эркектердин орточо боюнун узарышы.
Жакшыраак тамактануу шарттарынан улам эркектердин орточо бою акыркы кылымда
рекорддук деңгээлге жетти, бирок бул өсүш бара бара токтой баштады. Анткени,
жетүүгө мүмкүн болгон генетикалык чекке жетип калдык.»182
Кыскасы, вариациялар бир
түрдүн генетикалык маалыматтарынын чегинде гана кээ бир өзгөрүүлөргө алып келет
жана эч качан түрлөргө жаңы бир генетикалык маалымат кошпойт. Ошондуктан эч бир
вариация «эволюцияга» мисал боло албайт. Иттердин же аттардын ар кайсы
урууларын канчалык аргындаштырбаңыз, баары бир кайра эле иттер же аттар келип
чыгат, эч качан жаңы түрлөр пайда болбойт. Даниялык илимпоз В.Л. Йоханнсен бул
жөнүндө мындай дейт:
«Дарвиндин эң чоң таянычы болгон
вариациялар чындыгында белгилүү бир чектен ары өтпөйт жана, ошондуктан
вариациялар «тынымсыз өзгөрүүнүн» (эволюциянын) себеби боло албайт.»183
![]() |
Вариация түрлөргө эч качан жаңы генетикалык маалымат кошпойт. Аттарды
канчалык аргындаштырбаңыз, баары бир ат бойдон кала берет. Эч качан башка
бир түргө айланбайт.
|
«Микроэволюция-макроэволюция» жаңылыштыктары
Көрүнүп тургандай, Дарвин
тарабынан «түрлөрдүн келип чыгышынын» түшүндүрмөсү катары кабыл алынган
вариациялардын чындыгында андай эместиги генетика илими тарабынан далилденди.
Ошондуктан эволюционист
биологдор түрлөрдүн ичиндеги өзгөчөлөнүү менен жаңы түрлөрдүн пайда болушун
бири-биринен бөлгөнгө жана булар жөнүндө эки башка түшүнүктү иштеп чыкканга
мажбур болушту. Түрлөрдүн ичиндеги өзгөчөлөнүүгө, б.а. вариацияга
«микроэволюция» деп ат коюшту. Жаңы түрлөрдүн «пайда болушун» болсо
«макроэволюция» деп аташты.
Макроэволюция түшүнүгү
биринчи жолу 1927-жылы орус биолог Юрий Филипченко тарабынан колдонулган.184 «Микроэволюцияны макроэволюцияга далил катары
колдонууга болот» деген көз-карашты болсо 1930-жылдары Филипченконун окуучусу
Феодосий Добжанский чыгарган. Добжанский дарвинизмдин негизги китептеринин бири
болгон «Генетика жана түрлөрдүн келип чыгышы» аттуу китепте «микроэволюция
менен макроэволюциянын механизмдери бирдей» деген көз-карашты айткан.185 Кийинчерээк бул көз-караш эволюционисттик
чөйрөлөрдө кеңири кабыл алынып, бүгүнкү күнгө чейин келди. Ошол жылдарда Беркли
университетинен генетик Ричард Гольдшмидт болсо бул көз-караштын туура
эместигин төмөнкүчө билдирген: «микроэволюциянын кубулуштары макроэволюцияны
түшүнүүгө жетиштүү эмес.»186 Бул жерде Гольдшмидт «микроэволюция»
деп түрлөрдүн ичиндеги вариацияны айткан.
![]() |
Феодосий Добжанский |
Бул эки түшүнүк көп
жылдардан бери биология китептеринен орун алып келе жатат. Бирок чындыгында
жаңылтуучу сөздөр менен сүрөттөлүп келүүдө. Эволюционист биологдор
микроэволюция деп атаган вариация мисалдарынын негизи эволюция теориясы менен
эч кандай байланышы жок. Себеби эволюция теориясы «организмдер мутация жана
табигый тандалуу механизмдери аркылуу жаңы генетикалык маалыматтарга ээ болуп,
өрчүйт» дейт. Ал эми вариациялар болсо, жогоруда айтылгандай, эч качан жаңы
генетикалык маалыматтарды пайда кылбайт жана, ошондуктан «эволюция» кылбайт. Вариацияларды
«микроэволюция» деп атоо эволюционист биологдордун идеологиялык тандоосунан
келип чыккан.
Дарвинисттер атайылап
«микроэволюция» деп атаган вариациялар күнүмдүк жашоодо мисалдары көп кездешкен
биологиялык бир кубулуш. Буга чейин көргөн мышык, ит, алма, помидор, өсүмдүк
жана жаныбарлардын вариацияларын эстеңиз. Макроэволюция болсо – динозаврдын
канаттууга, аюунун китке айланышы сыяктуу өзгөрүүлөр. Башкача айтканда, макроэволюция
пикирлеринин «бака канзадага айланды» деген балдардын жомокторунан эч кандай
айырмасы жок.
Эволюционист биологдор
микроэволюция түшүнүгүн колдонуу аркылуу «вариациялар узун убакыт аралыгында
жапжаңы организм класстарын пайда кыла алат» деген туура эмес логиканы таңуулашат.
Мындан улам бул жөнүндө терең маалыматы жок көп кишилер «микроэволюция узун
мөөнөттө макроэволюцияга алып келет» деген ойго келишүүдө. Мындай ишенимдин
мисалдарын көп эле жолуктурууга болот. Кээ бир «үйрөнчүк» эволюционисттер
«адамдардын орточо бою бир кылымда эле эки сантиметрге өсүптүр, демек
миллиондогон жылда ар кандай эволюция болушу мүмкүн» деген сыяктуу пикирлерди
айтышат. Бирок, жогоруда да айтылгандай, орточо бойдун өзгөрүшү сыяктуу
вариациялардын баары белгилүү генетикалык чектерден чыкпаган жана эволюцияга эч
кандай байланышы жок өзгөрүүлөр.
![]() |
Вариацияларды күнүмдүк жашообузда көп көрөбүз. Бирок мунун эволюция менен эч кандай байланышы жок. Анткени вариацияда жаңы генетикалык маалымат кошулбайт жана бир түр башка бир түргө айланбайт. |
«Микроэволюция» деп аталган
вариациялардын жаңы организм түрлөрүн пайда кылбай тургандыгын, б.а.
макроэволюцияга себеп болбой тургандыгын бүгүнкү күндө белгилүү эволюционисттер
да кабыл алышууда. Эволюционист биологдор Скотт Гилберт, Джон Опиц жана Рудольф
Рафф «Developmental Biology» аттуу журналда 1996-жылы жарыяланган
макалада бул жөнүндө мындай дешкен:
«Заманбап синтез (неодарвинисттик
теория) олуттуу бир ийгилик. Бирок 1970-жылдардан баштап көптөгөн биологдор
мунун түшүндүрүү күчүн иликтеп башташты. Генетика илими микроэволюцияны
түшүндүрүүгө жетиштүү бир курал болушу мүмкүн, бирок генетикалык маалыматтагы
микроэволюциялык өзгөрүүлөр бир сойлоочуну бир сүт эмүүчүгө айландыра ала
турган же бир балыкты амфибияга айландыра турган нерсе эмес. Микроэволюция
«ылайыктуулар гана жашайт» деген түшүнүккө көмөкчү болушу мүмкүн,
ылайыктуулардын кантип пайда болоорун түшүндүрө албайт. (Open университетинин
биология профессору Брайан Гудвин) Гудвин 1995-жылы айткандай187, «түрлөрдүн келип чыгышы,
б.а. Дарвиндин проблемасы чечилбеген бойдон келе жатат.»»188
Микроэволюция деп аталган
вариациялардын макроэволюция түшүнүгүн, б.а. түрлөрдүн келип чыгышын эч
түшүндүрө албашын башка эволюционист биологдор да кабыл алышкан. Белгилүү
эволюционист палеонтолог Роджер Левин 1980-жылы ноябрьда Чикаго Табият тарыхы
музейинде өткөн жана 150 эволюционист катышып, төрт күнгө созулган чоң
симпозиумда бул жөнүндөгү тыянакты төмөнкүчө билдирген:
«Дарвиндин (вариацияларга таянган) ой
жүгүртүүлөрү чындыкка дал келеби? Эволюционисттик биологиянын тарыхындагы
акыркы 40 жылдын эң маанилүү конференцияларынын бирине катышкан илимпоздордун
тыянагы боюнча, бул суроонун жообу «жок (дал келбейт)». Чикаго
конференциясындагы негизги маселе микроэволюцияны жасаган механизмдерди
«макроэволюция» деп аталган феноменди түшүндүрүү үчүн да колдонууга болобу
деген маселе болду... Бул суроого так жооп берүүгө болот: жок.»189
Эволюционист биологдор
Фагерстром, Шустер жана Сатмари да 1996-жылы «Science»
журналында жарыяланган бир макалада муну төмөнкүчө айтышкан:
«Эволюциядагы чоң өзгөрүүлөр -мисалы,
бир канчасын айтуу керек болсо, жашоонун келип чыгышы, эукариот клеткалардын
пайда болушу, адамдын сүйлөө жөндөмдүүлүгүнүн келип чыгышы сыяктуу өзгөрүүлөр-
кандайдыр бир «тең салмактан алыстоо» абалы болушу мүмкүн эмес. Буларды
микроэволюциянын түптөлгөн модельдери тарабынан да канааттандырарлык деңгээлде
түшүндүрүүгө болбойт.»190
Кыскасы, микроэволюция менен
макроэволюциянын ортосунда эч кандай байланыш жок. Биринчиси биологиялык бир
кубулуш, экинчиси болсо илимге туура келбеген бир догма. Ошого карабастан,
бүгүнкү күндө бул эки түшүнүктүн механизмдерин бирдей көргөн жана
«микроэволюциялык өзгөрүүлөр узун мөөнөттө макроэволюциялык өзгөрүүлөргө себеп
болот» деп ишенген көптөгөн эволюционисттер бар.191
![]() |
Дарвинисттердин макроэволюция көз-карашынын "баканын ханзадага айланганы" жөнүндөгү жомоктон эч кандай айырмасы жок. |
Чындыгында макроэволюция эч
качан байкалган эмес; анын кантип ишке ашаары жөнүндө акылга, логикага жана
илимге туура келген бир дагы түшүндүрмө жок. Микробиология профессору Карл Войс
бул жөнүндөгү көз-карашын «макроэволюция
термини түшүнүгүбүздү сүрөттөгөнгө караганда көбүрөөк сабатсыздыгыбызды
жашырганга жарайт» деп билдирген.194
Эволюционисттер тарабынан
дарвинизмдин конкреттүү жана байкалган мисалдары катары берилген, ар дайым
эволюция теориясынын эң негизги далилдери катары көрсөтүлгөн нерселерди
эстеңиз. Биринчи эле оюңузга Галапагос чымчыктары (мукурлары), өнөр-жай төңкөрүшүнүн
көпөлөктөрү, антибиотиктерге чыдамкай бактериялар жана ДДТга чыдамкай
чымын-чиркейлер келет. Булардын эволюциянын далилиндей колдонулушу толугу менен
көз бойомочулук. Анткени булар эволюцияга далил болбой турган вариация (же
башкача айтканда «микроэволюция») мисалдары. (Бул китептин кийинки беттеринде
Галапагос чымчыктары менен өнөр-жай төңкөрүшүнүн көпөлөктөрү терең каралып, бул
жандыктардын эволюцияга далил болбой тургандыгы көрсөтүлөт. Калган экөөсүн
Харун Яхьянын «Жашоонун чыныгы булагы» (Hayatın
Gerçek Kökeni) аттуу китебинен таба аласыз.)
Түрдөшүү көз бойомочулугу
Эволюционисттер
миллиарддаган жыл мурда жансыз заттардан алгачкы бир клеткалуу организм пайда
болгон жана кийинчерээк андан миллиондогон организм түрлөрү, б.а. жер жүзүндөгү
сансыз жандык түрлөрү келип чыккан дешет. Көңүл буруңуз, дарвинисттик көз-караш
боюнча, табигый процесстердин жана кокустуктардын таасири менен бир түрдөн
миллиондогон башка түрлөр келип чыккан. Акылга жана илимге сыйбаган бул
көз-караштан көрүнүп тургандай, түрлөрдүн пайда болушу, б.а. «түрдөшүү»
түшүнүгү эволюция теориясынын пайдубалын түзөт. Бул жерде маанилүү бир жагдай
бар: ишенимдүү далилдерге, байкоолорго жана илимий изилдөөлөргө таянбаган бир
көз-караштын эч бир баркы болбойт. Дарвинизмдин «бир түр миллиондогон түргө
айланган» деген көз-карашы жөнөкөй бир көз-караш эмес жана сансыз илимий
далилдерге муктаж. Бирок эволюционисттердин түрдөшүү көз-карашынын бир дагы
илимий далили жок. Дарвинден бери бүт эволюционисттер түшүнүктөрдү бурмалоо
аркылуу вариацияларды түрдөшүүнүн далили катары колдонуу менен гана алек болуп
келе жатышат.
Алгач түр түшүнүгүн карайлы.
Бул түшүнүктү карап чыгуу эволюция калпын жакшыраак түшүнүүгө көмөк берет.
Биологиянын ар кайсы тармактарынан көптөгөн адистердин түр жөнүндө ар кандай
аныктамалары бар. Индиана университетинен Трой Вуд менен Лорен Ризебергдин айтуусу
боюнча, эволюционист биологдор тарабынан түр жөнүндө сансыз аныктамалар
сунушталган.195
Биолог Джон Эндлер болсо
мунун башаламандыкка себеп болоорун айткан:
«Түрлөр – органикалык ар түрдүүлүктү сүрөттөө үчүн иштелип
чыккан куралдар. Ар кандай максатта жасалган ар түрдүү кескичтер сыяктуу, ар
кайсы максатка эң ылайыктуу ар кандай түр түшүнүктөрү бар... Башка башка
организм топторун изилдеген ар кайсы адамдардын «түр» деп башка башка
нерселерди айткысы келгенинен улам көбүнчө башаламандыктар жана түшүнбөстүктөр
келип чыгууда.»196
Дарвинизмдин Түркиядагы
белгилүү өкүлдөрүнүн бири Али Демирсой бул чындык жөнүндө мындай дейт:
«Жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү
классификациялоодо негизги бирдик катары кабыл алынган түрдүн башка түрлөрдөн
айырмаланышы кандай чектерде болушу керек деген суроо, б.а. «түрдүн аныктамасы»
биологиянын эң татаал суроолорунун бири. Түр түшүнүгүнө учурдагы маалыматтарыбыз
менен жаныбар жана өсүмдүк топторунун баарына жарай турган бир аныктама бере
албайбыз сыягы.»197
«Түр» дегенде адамдар
көбүнчө ит, ат, жөргөмүш, дельфин, буудай, алма сыяктуу «жандык типтерин»
элестетишет. Эволюция теориясы «түрлөрдүн келип чыгышы» жөнүндө айтып жатканда
адамдар ушул организм типтеринин келип чыгышын түшүнүшөт. Бирок биологдор түр
түшүнүгүнө башкачараак аныктама беришет. Заманбап биологияда кеңири мааниде
караганда «өз ара жупталып, көбөйө алган индивиддерден турган бир популяция»
түр деп аталат. Бул аныктама күнүмдүк жашоодо биз бир түрдөй элестеткен
организм типтерин көптөгөн түрлөргө бөлөт. Мисалы, жөргөмүштөрдүн болжол менен
34 миң түрү аныкталган.198
Эволюциянын түрдөшүү жалганын
түшүнүү үчүн алгач «географиялык изоляцияга» токтолуу керек: бир организм
түрүнүн ичинде генетикалык вариациядан келип чыккан айырмачылыктар бар. Эгер
бир түргө тиешелүү жандыктардын арасында тоо, дарыя сыяктуу географиялык бир
тоскоолдук бар болсо, б.а. бири-биринен «изоляцияланган» болсо, анда
бири-биринен обочолонгон бул эки топтун ичинде чоң ыктымалдык менен башка башка
вариациялар басымдуулук кыла баштайт.199 Айталы,
бир топто карараак түстөгү, узун жүндүү А вариациясы басымдуулук кылса,
экинчисинде жүнү кыскараак, ачык түстүү В вариациясы басымдуулук кылат. Бул популяциялардын
изоляциясы канчалык көпкө созулса, А менен Внын айырмачылыктары ошончолук даана
байкала баштайт.200 Бир түргө тиешелүү болгонуна карабастан,
ортосундагы морфологиялык айырмачылыктары даана байкалып турган ушул сыяктуу
вариациялар «түрчө» (подвид) деп аталат.
Түрдөшүү көз-карашы ушул
жерден башталат. Кээде географиялык изоляция аркылуу бири-биринен обочолонгон А
жана В вариациялары кандайдыр бир жол менен кайрадан бириктирилгенде, бири-бири
менен жупталышпайт. Жупталбаганы үчүн заманбап биологиянын «түр» аныктамасы
боюнча, «түрчө» эмес, «өз-өзүнчө түрлөр» болуп калышат. Бул болсо «түрдөшүү» (speciation)
деп аталат.
![]() |
Күнүмдүк жашоодо биз бир түр деп ойлогон жандыктардын негизи абдан көп түрлөрү бар. Мисалы, жөргөмүштөрдүн болжол менен 34 миң түрү аныкталган. |
Эволюционисттер бул
түшүнүктү алып, ошол замат төмөнкүдөй тыянак чыгарышат: «карагыла, табиятта
түрдөшүү бар, б.а. жаңы организм түрлөрү табигый механизмдер аркылуу пайда
болуп жатат, демек бардык түрлөр ушул жол менен пайда болгон». Бирок бул
тыянакта өтө чоң бир көз бойомочулук бар.
Эми бул көз бойомочулуктун
эки маанилүү жерине токтололу:
1)
Бири-биринен изоляцияланган А жана В вариациялары бириктирилгенде, жупталбашы
мүмкүн. Бирок бул кубулуш көбүнчө «жупталуу жүрүм-турумунан» келип чыгат.
Башкача айтканда, А жана В вариациясына тиешелүү индивиддер башка вариация
аларга чоочун көрүнгөнү жана аны «өздөрүнө жакын көрбөгөнү» үчүн жупталышпайт. Бирок
алардын жупталышына тоскоол боло турган генетикалык ылайыксыздык жок.
Ошондуктан генетикалык маалымат жагынан караганда экөө тең дагы эле бир түргө
тиешелүү. (Ушул себептен, биологияда «түр» түшүнүгү боюнча талаш-тартыштар дагы
деле уланууда.)
2)
Мындан да маанилүүсү болсо, мындай «түрдөшүү» генетикалык маалыматты
көбөйтпөстөн, тескерисинче азайтат. Айырмалануунун себеби – вариациялардын
бирөөсүнө же экөөсүнө тең жаңы генетикалык маалыматтардын кошулушу эмес. Аларга
генетикалык маалымат кошулбайт. Мисалы, эки вариациянын бирөөсүндө жаңы бир
белок, жаңы бир фермент же жаңы бир орган пайда болбойт. Эч биринде кандайдыр
бир «өрчүү» жок. Тескерисинче, мурда ар кандай генетикалык маалыматтарды бир
учурда камтыган популяциянын (биздин мисалда узун жүндү да, кыска жүндү да,
карараак түстү да жана ачыгыраак түстү да камтыган популяциянын) ордуна, эми
генетикалык маалымат жагынан жакырданган эки башка популяция келип чыгат.
![]() |
Коендордун да ар кандай вариациялары бар жана
ар бири өзүнө ыңгайлуу аймактарда жашашат. Бирок
типтер эч качан башка бир жаныбар тибине айланбайт.
|
Ал эми жооп күткөн суроолор
болсо төмөнкүдөй: организм типтери башында кантип пайда болгон? Монералар, протисталар, козу карындар,
өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү жер жүзүндө кантип келип чыккан? Түрлөрдүн
жогорку категориялары болгон типтер, класстар, түркүмдөр, тукумдар (мисалы, сүт
эмүүчүлөр, канаттуулар, омурткалуулар, моллюскалар сыяктуу негизги
категориялар) башында кантип пайда болгон? Эволюционисттер мына ушул суроолорго
жооп бериши керек.
Мурдакы бөлүмдө айтылгандай,
эволюционисттер буларды «макроэволюция» деп аташат. Негизи эволюция теориясынын
маңызы жана негизги жактаган нерсеси – бул, макроэволюция. Анткени,
дарвинисттер өжөрдүк менен «микроэволюция» деп атаган генетикалык
өзгөчөлөнүүлөр байкоого мүмкүн болгон жана бүт адамдар кабыл алган биологиялык
кубулуш, жана жогоруда айтылгандай, эволюционисттер бул терминдин ичине
«эволюция» деген сөздү кошуп койгону менен, бул кубулуштун эволюция менен эч
кандай байланышы жок. Макроэволюция көз-карашынын болсо биологиялык байкоолордо
да, фоссил (фоссилий) калдыктарында да эч бир далили жок.
Мына ушул жерде өтө маанилүү
бир «амалкөйлүк» бар. Бул темада терең маалыматы болбогондор «микроэволюция
кыска убакытта ишке ашууда, демек он миллиондогон жылда макроэволюция ишке
ашат» деген сыяктуу жаңылыштыкка кабылышат. Кээ бир эволюционисттер да ушинтип
жаңылышат же ушул жаңылыштыкты колдонуп адамдарды эволюция теориясына
ишендирүүгө аракет кылышат. Чарльз Дарвиндин «Түрлөрдүн келип чыгышы» аттуу китебинде келтирген бүт «эволюция
далилдери» да ушулардан турат. Андан кийинки эволюционисттердин мисалдары да
ушундай. Бул мисалдардын баарында эволюционисттер өздөрү «микроэволюция» деп
атаган, бирок эволюция менен эч кандай байланышы жок генетикалык вариацияны кайра
эле өздөрү «макроэволюция» деп атаган теориянын далили катары колдонууга аракет
кылышат.
Микроэволюция-макроэволюция талаш-тартыштарынын
жана эволюционисттердин «түрдөшүү» жомокторунун бүт баарынын кыскача жыйынтыгы
мындай: организмдер жер жүзүндө түзүлүшү жагынан бири-биринен айырмалуу «типтер»
түрүндө пайда болушкан. (Фоссил калдыктары муну далилдөөдө.) Ал типтердин
ичинде генофонддун эбегейсиз мүмкүнчүлүктөрүнүн чегинде ар кандай вариациялар
жана түрчөлөр келип чыгышы мүмкүн. Мисалы, «коен» тибинин ичинде ак жүндүү, боз
жүндүү, узун кулак, кулагы кыскараак сыяктуу вариациялар келип чыгат жана бул
вариациялар өздөрүнө кайсы табигый шарттар ыңгайлуу болсо, жер жүзүнө ошого
жараша жайгашышат. Бирок бир тип эч качан башка бир типке айланбайт. Муну жасай
ала турган, б.а. жаңы типтерди долбоорлоп, аларга жаңы органдарды, системаларды
жана дене түзүлүштөрүн пландай ала турган табигый механизм жок. Ар бир типтин
өзгөчө түзүлүшү бар жана Аллах ар бир типти эбегейсиз вариация потенциалы менен
жаратканы үчүн, ар бир типтин ичинен белгилүү чектен чыкпаган, көптөгөн
вариациялар келип чыгат.
Эволюционисттердин түрдөшүү жөнүндөгү моюнга алуулары
Бул жөнүндө үстүртөн эле
маалыматы бар «үйрөнчүк» эволюционисттерден тышкары, эволюционисттердин дээрлик
бүт баары чыныгы маселенин кайда жаткандыгын эң жакшы билишет: жер жүзүндөгү
организм типтеринин, түрлөрдүн жана түрлөрдүн көптүгүнүн себебин түшүндүрүү.
Неодарвинизмдин түптөөчүлөрүнүн бири Феодосий Добжанский «Генетика жана түрлөрдүн келип чыгышы» аттуу китебинин баш сөзүндө
жазгандай, эволюция үчүн негизги маселе – бул, организмдердин көп түрдүүлүгүн
түшүндүрүү.201
Чарльз Дарвин менен
жолдоочулары биринчи кезекте мына ушуну түшүндүрүп бериши керек. Дарвин «Түрлөрдүн келип чыгышы» аттуу китебинде
бир дагы конкреттүү далил көрсөтө албастан, жалаң гана бурмалоолор менен
алектенген. Чарльз Дарвин уулу Фрэнсис Дарвин тарабынан жазылган «Чарльз Дарвиндин өмүрү жана каттары» аттуу
китептеги бир катында бул чындыкты төмөнкүчө мойнуна алган:
«Бир түрдүн башкасына айланышын көрсөткөн
бир дагы далил жок... Бир түрдүн да өзгөргөнүн далилдей албайбыз.»202
Дарвин кийинчерээк, илимий
изилдөөлөрдүн өнүгүшү менен бул суроонун жообу табылат жана түрлөрдүн келип
чыгышы далилденет деп үмүттөнгөн. Бирок, тескерисинче, илимий ачылыштардын бүт
баары Дарвинди четке какты. Болжол менен 150 жылдан бери, эволюционисттердин
канчалаган аракеттерине карабастан, эволюциялык механизмдер аркылуу түрдөшүү
көз-карашы далили жана таянычы жок бир көз-караш бойдон кала берди.
Бул жерде эволюционисттердин
чын жүрөктөн моюнга алган сөздөрүнө токтолобуз.
Эң кызыгы, түрдөшүү (б.а.
түрлөрдүн пайда болушу) түшүнүгү эволюция теориясынын өзөгүн түзгөнү менен, көп
бөлүгү күңүрт бир түшүнүк. (Тагыраак айтканда, эволюционисттер бурмаланган
микроэволюция жана вариация мисалдарынан тышкары, бул жөнүндө эч нерсе
билишпейт.) Мисалы, Индиана университетинин биологдору Трой Вуд жана Лорен
Ризеберг 1999-жылы чыккан макаласында түрлөрдүн келип чыгышына шарт түзүүчү
биологиялык механизмдер жөнүндө өтө аз нерсе билишээрин айтышкан.203 Америкадагы Табият тарыхы музейинен профессор
Гарет Нельсон болсо бул жөнүндө мындай дейт: «Түр көйгөйү көп жылдан бери уланып келе жатат жана түрдөшүү кара
кутуча бойдон калууда.»204
Корнелл университетинин
профессору Ричард Харрисон 2001-жылы «Nature» журналында жарыяланган
бир макаласында бул жөнүндө мындай дейт:
«Табигый топтордо абдан көп түрлөр
жашайт... Бул көп түрдүүлүктүн тамыры эмне? Түрдөшүү процесси эволюциялык
биологиянын борбору болгону менен, жаңы түрлөрдүн кантип келип чыккандыгы
жөнүндө абдан аз нерсе жазылган.»205
Негизи бул жөнүндө «абдан аз
нерсе жазылышы» таң калыштуу эмес. Анткени, илимий ачылыштар бир түрдүн башка
бир түргө айланбай тургандыгын жана өзгөрүүнүн түрлөрдүн ичинде, белгилүү бир
чекте гана болоорун көрсөттү. Ушул күнгө чейин эволюциялык механизмдер менен
алынган, байкоого мүмкүн болгон бир дагы түрдөшүү мисалы жок. Эволюционист
биологдор Даррен Ирвин, Стаффан Бенш жана Тревор Прайс 2001-жылы 18-январьда «Nature»
журналында чыккан макаласында муну төмөнкүчө мойнуна алышкан:
«Бир түрдүн эки башка түргө эволюциялык
өзгөрүүсү (түрдүн пайда болушу) табиятта түздөн-түз эч качан байкалган эмес.»206
![]() |
Түрдөшүүнү далилдөө үчүн жетимиш жылдан бери мөмө чымындары атайын мутацияга тосулду. Бирок эч кандай эволюция болгон жок. Мөмө чымыны ошол бойдон калды, башка бир түргө айланган жок. |
«Анткен менен, абал дагы эле төмөнкүдөй:
Добжанскийдин мөмө чымынынын жаңы бир түрү жөнүндөгү сөзүн (чындыгында бул дагы эволюциянын эмес, вариациянын мисалы) эске албаганда, кандайдыр
бир механизм аркылуу жаңы бир түрдүн пайда болушу эч качан байкалган эмес.»207
![]() |
Escherichia coli бактериясына жасалган эксперименттерде башка бир бактерия түрү же көп клеткалуу бир жандык пайда болгон жок. Бул бактерия ошол бойдон калды. |
«Сансыз байкоолорго карабастан, жазылган
тарыхта, табиятта бир дагы жаңы түрдүн пайда болушуна күбө болгон жокпуз. Ошондой
эле, эң кызыгы, мал чарбачылыкта да бир дагы жаңы жаныбар түрүнүн пайда
болгонун көргөн жокпуз. Түрдөшүүгө шарт түзүү үчүн чымын популяцияларына
атайылап чоң, кичине кийлигишүүлөр жасалган мөмө чымыны изилдөөлөрүндө жүз
миллиондогон урпакта бир дагы жаңы чымын түрүнүн пайда болбошу да буга
кошумча... Табиятта, мал чарбачылыкта жана жасалма жашоодо вариацияларды
көрөбүз. Бирок чоң өзгөрүүнүн жоктугун, вариациянын абдан чектүүлүгүн жана
көбүнчө түрдүн сыртына чыкпай тургандыгын апачык байкайбыз.»209
Түрдөшүүнү далилдөө үчүн
болжол менен жетимиш жылдан бери мөмө чымындары (дрозофила) колдо багылып,
тынымсыз мутацияга дуушар кылынган. Бирок эч кандай эволюциялык өзгөрүү жана эч
кандай түрдөшүү кубулушу байкалган эмес жана мөмө чымыны мөмө чымыны бойдон
калган.210 Ошондой эле, ичеги таякчасы (Escherichia
coli) аттуу бактерияга көп жылдар бою жасалган эксперимент жана
изилдөөлөрдө башка бир бактерия түрү же көп клеткалуу бир организм түрү пайда
болгон эмес жана ичеги таякчасы ичеги таякчасы бойдон калган.211
Эволюционисттердин
көйгөйлөрү муну менен эле бүтпөйт. Себеби фоссил калдыктары түрдөшүү түшүнүгүн
толугу менен четке кагат.212 Фоссилдерде (организм
калдыктарында), дарвинизмдин айтуусу боюнча, кездешиши керек болгон сансыз
«өткөөл формаларга» тиешелүү бир дагы белги жок. Мындай фоссилдер келечекте
табылышы мүмкүн деп ойлогон Дарвиндин көз-карашынын туура эместиги толугу менен
далилденди. Эволюционисттер учурда «түрдөшүү фоссилдерде кездешпей турганчалык
ылдам жүрөт» деген бир шылтоону айтышууда, т.а. өздөрүн ушинтип жубатышууда.
Англиялык биологдор Пол
Пирсон жана Кэтрин Харкорт-Браун түрдөшүүнүн фоссилдерден табылбагандыгын кыйыр
түрдө төмөнкүчө айтышкан:
«Түрдөшүүнү биологиялык мааниде
фоссилдерден аныктоо абдан кыйын... Фоссилдер түрдөшүү процесси жөнүндөгү
түшүнүгүбүзгө абдан аз салым кошууда.»213
Кыскасы, түрлөрдүн тамыры,
түрлөрдүн пайда болушу жана биологиялык ар түрдүүлүк сыяктуу нерселерди
эволюция теориясы айткан табигый процесстер жана туш келди факторлор аркылуу
түшүндүрүүгө болбойт. Ал тургай, илимий ачылыштар дарвинизмдин илимге жана чындыкка
сыйбаган бир теория экендигин далилдөөдө. Учурда муну көптөгөн илимпоздор
билишет. Бирок илим дүйнөсүнөн чыгып калуудан коркушкандыгы үчүн, кээ бир
биологдор гана көз-караштарын ачык айта алышууда. Алардын бири Массачусетс
университетинин белгилүү профессору Линн Маргулис. Маргулис дарвинизмдин бул
жөнүндөгү көз-караштарынын «толугу менен туура эместигин» айткан. Маргулистин
бул жөнүндөгү көз-караштарына Кевин Келлинин Out of Control: The New Biology
of Machines (Контролдун сыртында: машиналардын жаңы биологиясы) аттуу китебинде төмөнкүчө орун берилген:
«Ачык сөздүү биолог Линн Маргулис
дарвинисттик эволюция догмасы жөнүндө мындай деди: «Толугу менен туура эмес.
Пастерден мурда жугуштуу ооруларды дарылоонун туура эмес болушундай туура эмес.
Френологиянын (бир адамдын мүнөзү менен мээсин баш сөөгүнүн түзүлүшүнө карап
аныктоого болот деген, туура эместиги далилденген теория) туура эместиги
сыяктуу туура эмес. Бүт негизги принциптери туура эмес.» Маргулис «жаңы түрлөр
баскычтуу, көз-карандысыз жана туш келди вариациялардын үзгүлтүксүз тизмегинен
келип чыгат» деп ишенген бир кылымдык дарвинизм теориясынын заманбап
фантазиясынын катачылыктарын көрсөтүүдө. Маргулис дарвинисттик теорияны катуу
сындаган жалгыз киши эмес, бирок мынчалык ачык сүйлөгөн адамдар абдан аз.»214
Миннесота университетинин
Экология, эволюция жана жүрүм-турум бөлүмүнүн профессору Дэвид Тилмандын
2000-жылы 11-майда «Nature» журналында жарыяланган
төмөнкү сөзү эволюционисттердин абалын таамай сүрөттөйт: «дүйнөдөгү түрлөрдүн укмуш көптүгүнүн келип чыгышы сыр бойдон калууда.»215
Жыйынтыктасак, түрлөрдүн
келип чыгышына жана көп түрдүүлүгүнө эволюционисттер дагы эле жооп табыша элек.
Эволюционисттер эгер мунун жообун тапкылары келсе, дарвинисттик калптарга жана
көз бойомочулуктарга ишенүүдөн баш тартып, төмөнкү чындыкты кабыл алуулары
зарыл: бүт организм түрлөрүн эбегейсиз вариация потенциалы менен жараткан –
бул, чексиз күч-кудурет, илим жана акыл ээси Аллах.
Жаратуу бир гана Аллахка
тиешелүү. Бул акыйкатты тангандардын, канчалык аракет кылбасын, сөзсүз кыйроого
дуушар болоору бир аятта төмөнкүчө кабар берилген:
Эй адамдар, (силерге) бир мисал келтирилди; эми аны уккула. Силердин Аллахтан башка сыйынып жаткандарыңар, баары ушул үчүн бириксе да, чындыгында бир чымынды да жарата алышпайт. Эгер чымын алардан бир нерсе тартып алса, муну да андан кайра ала алышпайт. Талап кылган да алсыз, талап кылынган да. (Хаж Сүрөсү, 73)
Булактар:
162 M. Encarta Encyclopedia 2001 Deluxe
Edition CD, “Classification”.
163 Encyclopedia Britannica 2001 Deluxe
Edition CD, “Taxonomy, Ranks”.
164 Daniel Otte, “Species and Speciation: An
Overview”, Encyclopedia of Life Sciences, 2000, ğ.els.net.
165 David Allen, “Ray, John”, Encyclopedia
of Life Sciences, 2000, ğ.els.net.
166 M. Encarta Encyclopedia 2001 Deluxe
Edition CD, “Ray, John”.
167 “John Ray”, University of California,
Berkeley, 2002, http://ğ.ucmp.berkeley.edu/history/ray.html.
168 Alessandro Minelli, “Classification”, Encyclopedia
of Life Sciences, 1999, ğ.els.net.
169 Peter F. Stevens, “History of Taxonomy”, Encyclopedia
of Life Sciences, 2001, ğ.els.net.
170 Henry Gee, In Search of Deep Time,
Cornell University Press, Ithaca, 2001, s. 117.
171 Niles Eldredge, The Pattern of Evolution,
W.H. Freeman and Company, New York, 2000, s. 73.
172 “Carl Linnaeus”, University of California,
Berkeley, 2002, http://ğ.ucmp.berkeley.edu/history/linnaeus.html.
173 Ali Demirsoy, Yaşamın Temel Kuralları,
Cilt I/Kısım I, 11. baskı, Meteksan A.Ş., Ankara, 1998, s. 653.
174 Жандыктардын арасында окшоштуктардын болушу табигый
көрүнүш. Анткени, бирдей молекулалардан түзүлөт, бир сууну жана бир абаны
колдонушат жана бирдей молекулалардан турган азыктарды керектешет. Албетте, зат
алмашуулары жана натыйжада генетикалык түзүлүшү бири-бирине окшошот. Бирок бул
алардын бир атадан эволюцияланганын далилдебейт. Бул алардын бүт баарынын бир
план менен жаратылганын көрсөтөт. Тереңирээк маалымат үчүн караңыз: Харун Яхья,
«Жашоонун чыныгы тамыры» (Harun
Yahya, Hayatın Gerçek Kökeni, Vural yayıncılık, İstanbul, 2000).
175 Michael Denton, Evolution: A Theory in
Crisis, Adler&Adler Publishers, Maryland, 1986, s. 136-137.
176 Richard M. Harrison, “Variation Within
Species: Introduction”, Encyclopedia of Life Sciences, 1999, ğ.els.net.
177 Loren Eiseley, The Immense Journey,
Vintage Books, 1958, s. 186.
178 Charles Darwin, The Origin of Species: A
Facsimile of the First Edition, Harvard University Press, 1964, s. 184.
179 Harcourt Dictionary of Science and
Technology, “genetic homeostasis”, http://ğ.harcourt.com/dictionary/def/4/3/3/9/4339900.html.
180 Norman Macbeth, Darwin Retried: An
Appeal to Reason, Harvard Common Press, New York, 1971, s. 33.
181 Norman Macbeth, Darwin Retried: An
Appeal to Reason, s. 36.
182 Edward S., Jr., The Reply: Letter from
Birnam Wood, Yale Revie., 1967, 61:631-640.
183 Loren Eiseley, The Immense Journey,
Vintage Books, 1958. s. 227.
184 Hilary S. Callahan, “Microevolution and
Macroevolution: Introduction”, Encyclopedia of Life Sciences, 2001,
ğ.els.net.
185 Theodosius Dobzhansky, Genetics and the
Origin of Species, Columbia University Press, New York, 1937.
186 Richard B. Goldschmidt, The Material
Basis of Evolution, New Haven Connecticut: Yale University Press, 1940, s.
8.
187 Brian Goodwin, “Neo-Darwinism has failed as
an evolutionary theory”, The Times Higher Education Supplement, 19 Mayıs
1995.
188 Scott Gilbert, John Opitz, Rudolf Raff,
“Resynthesizing Evolutionary and Developmental Biology”, Developmental
Biology 173, Article No. 0032, 1996, s. 361.
189 R. Lewin, “Evolutionary Theory Under Fire”,
Science, vol. 210, 21 Kasım 1980, s. 883.
190 T. Fagerstrom, P. Jagers, P. Schuster, E.
Szathmary, “Biologists put on mathematical glasses”, Science, vol. 274,
20 Aralık 1996, s. 2039-2040.
191 Sean B. Carroll, “The Big Picture”, Nature,
Vol. 409, 8 Şubat 2001, s. 669; Paul R. Ehrlich, Human Natures,
Shearwater Books, Washington, D.C., 2000, s. 46.
192 D.H. Erwin, “Macroevolution is more than
repeated rounds of microevolution”, Evolution & Development, Vol. 2,
2000, s. 78-84.
193 J.W. Valentine, D.H. Erwin, “Interpreting
Great Developmental Experiments: The Fossil Record”, s. 95, R.A. Raff, E.C.
Raff (editors), Development as an Evolutionary Process, Alan R. Liss,
Inc., New York, 1987.
194 C.R. Woese, “Macroevolution in the
microscopic world”, C. Patterson (editor), Molecules and Morphology in
Evolution, Cambridge: Cambridge University Press, 1987.
195 Troy E. Wood, Loren H. Rieseberg,
“Speciation: Introduction”, Encyclopedia of Life Sciences, 1999, ğ.els.net.
196 J.A. Endler, “Conceptual and Other Problems
in Speciation”, s. 625, D. Otte, J.A. Endler (editors), Speciation and Its
Consequences, Sinauer Associates, Sunderland, Massachusetts, 1989.
197 Prof. Dr. Ali Demirsoy, Yaşamın Temel
Kuralları, Cilt I / Kısım I, 11. baskı, Meteksan Yayınları, Ankara, 1998,
s. 624.
198 M. Encarta Encyclopedia 2001 Deluxe
Edition CD, “Spider (arthropod)”.
199 Timothy A. Mousseau, Alexander E. Olvido,
“Geographical Variation”, Encyclopedia of Life Sciences, 2000, ğ.els.net.
200 Негизи адамдарда да ушундай. Жер жүзүндөгү расалар
географиялык изоляциянын натыйжасында бири-биринен өзгөчөлөнүп кетишкен. Бир
аймактагы адамдарда теринин каралыгы үстөмдүк кылган жана алар бир аймакта
жашап, өз ара үй-бүлө кургандыгы үчүн териси кара бир раса келип чыккан. Алыскы
Чыгыштагы көзү кууш расалар да ушинтип пайда болгон. Расалардын
өзгөчөлүктөрүнүн (теринин өңү, көздүн өңү, көздүн формасы, бойдун узундугу,
чачтын өңү ж.б.) бүт баары алгачкы адамдардын генетикалык маалыматтарында бар
болгону менен, кийинчерээк дүйнөнүн ар кайсы аймагында жашаган адам
популяцияларында бул өзгөчөлүктөрдүн кээ бирлери үстөмдүк кылган жана үстөмдүк
кылган өзгөчөлүккө жараша расалар пайда болгон. Эгер географиялык изоляция
болбогондо, б.а. дүйнөдөгү бүт расалар кылымдардан бери үзгүлтүксүз бири-бири
менен аралашып үй-бүлө курганда, анда бүт адамдар «аргын» (гибрид) болмок.
Каралар, актар, көзү кууштар болмок эмес, адамдардын баары «орточо» бир
өзгөчөлүктө болмок.
201 Niles Eldredge, The Pattern of Evolution,
W.H. Freeman and Company, New York, 2000, s. 61.
202 Francis Darwin, The Life and Letters of
Charles Darwin, Cilt.II, D. Appleton and Company, New York, 1888, s. 210.
203 Troy E. Wood, Loren H. Rieseberg,
“Speciation: Introduction”, Encyclopedia of Life Sciences, 1999,
ğ.els.net.
204 G. Nelson, “Species and Taxa: Systematics
and Evolution”, s. 73-74, D. Otte, J.A. Endler (editors), Speciation and its
Consequences, Sinauer Associates, Sunderland, Massachusetts, 1989.
205 Richard G. Harrison, “Diverse origins of
biodiversity”, Nature, vol. 411, 7 Haziran 2001, s. 635-636.
206 D.E. Irwin, S. Bensch, T.D. Price,
“Speciation in a ring”, Nature, vol. 409, 18 Ocak 2001, s. 333.
207 Jeffrey H. Schwartz, Sudden Origins:
Fossils, Genes, and the Emergence of Species, John Wiley & Sons, New
York, 2000, s. 300.
208 Detaylı bilgi için bkz. Harun Yahya, Hayatın
Gerçek Kökeni, Vural yayıncılık, İstanbul, 2000, s. 20-32.
209 Kevin Kelly, Out of Control: The New
Biology of Machines, Fourth Estate, London, 1995, s. 475.
210 Gordon R. Taylor, The Great Evolution
Mystery, Harper & Row, New York, 1983, s. 48; Michael Pitman, Adam
and Evolution, River Publishing, London, 1984, s. 70; Jeremy Rifkin, Algeny,
Viking Press, New York, 1983, s. 134.
211 Pierre-Paul Grassé, Evolution of Living
Organisms, Academic Press, New York, 1977, s. 87; L.P. Lester, R.G. Bohlin,
The Natural Limits to Biological Change, second edition, Probe Books,
Dallas, 1989, s. 88.
212 Detaylı bilgi için bkz. Harun Yahya, Hayatın
Gerçek Kökeni, Vural yayıncılık, İstanbul, 2000, s. 49-59.
213 Paul N. Pearson, Katherine G.
Harcourt-Brown, “Speciation and the Fossil Record”, Encyclopedia of Life
Sciences, 2001, ğ.els.net.
214 Kevin Kelly, Out of Control: The New
Biology of Machines, Fourth Estate, London, 1995, s. 470-471.
215 David Tilman, “Causes, consequences and
ethics of biodiversity”, Nature, vol. 405, 11 Mayıs 2000, s. 208.
Комментариев нет:
Отправить комментарий